ШАЙЛОО-2015: Нарын облусундагы шайлоо участкалары жабылды

20:00. Нарын облусундагы шайлоо участкалары жабылды.

17:33. Оттук айылында урна бузулуп калды. Азыркы тапта урнаны калыбына келтирүү аракети жүрүп жатат. Эл кезек күтүп калды.

13:08. Нарын облусунун Оттук айылында шайлоо процесси өтүүдө. Мыйзам бузуулар катталган жок.
Облус боюнча 233 ички иштер кызматкери, 495 элдик кошуундун мүчөсү (ДНД), 42 автоунаа коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат.

10:30. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067-шайлоо тилкесинде добушун берди. Идентификация системин өтүү менен бюллетень алып, шайлоо кабинасында белги коюп, электрондук эсептөөчү урнага бюллетенди таштады.

10:30. Нарын облусу боюнча 165 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатат. 332 аппаратта 641 оператор иш алып барууда. Мындан сырткары район борборлорунда жана шаарда техникалык жактан колдоо көрсөтүп туруу үчүн 6 мобилдик топ уюштурулган.

10:06. Нарын шаарында парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өтүүдө. Добуш берүүгө келгендердин саны көп. Бул тууралуу БШКнын аталган шаардагы өкүлү Алмас Аскаров билдирди.
Бүгүн саат 08:00дө Нарын облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан