"ШАЙЛОО-2015" ХРОНИКАСЫ: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана "Ата Мекен" алдыга чыкты

Бүгүн, 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтүүдө.

22:35. Шайлоо участкаларынын 95 пайызынын болжолдуу жыйынтыгы чыкты. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун маалыматына ылайык, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жыйынтык мындай: 
КСДП - 27,47 пайыз 
"Республика - Ата Журт" - 20,15 пайыз 
"Кыргызстан" - 12,79 пайыз 
“Өнүгүү-Прогресс” - 9,29 пайыз 
"Бир бол" - 8,43 пайыз 
"Ата Мекен" - 7,75 пайыз 
"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" - 6,14 пайыз 
“Замандаш” - 2,77 пайыз 
"Улуу Кыргызстан" - 1,5 пайыз 
"Ар-намыс" - 0,8 пайыз 
"Мекен ынтымагы" - 0,79 пайыз 
"Кыргызстан элдеринин конгресси" - 0,6 пайыз 
"Аалам" - 0,4 пайыз 
"Азаттык" - 0,34 пайыз 

22:28. Өлкө боюнча 50дөй шайлоо участкасынан шайлоонун электрондук жыйынтыктары келип түшө элек. Акыркы маалыматтар эртең саат 11:00дө жарыяланарын БШКнын төрагасы билдирди. 

22:22. КСДП, "Республика - Ата Журт""Кыргызстан", 
“Өнүгүү-Прогресс”"Бир бол", "Ата Мекен" партиялары бардык аймактарда босоголук чекти басып өтүшкөнү айтылды. 
22:07. БШКнын төрагасы буга чейин жарыяланып жаткан шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын ырастады.  
22:05. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун бүгүн өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берери күтүлүүдө. 
21:38. 1 476 735 добуш эсептелди. Учурда тизме төмөнкүдөй: КСДП - 27,47 пайыз, "Республика - Ата Журт" - 20,15 пайыз, "Кыргызстан" - 12,73 пайыз, “Өнүгүү-Прогресс” - 9,34 пайыз"Бир бол" - 8,44 пайыз, "Ата Мекен" - 7,77 пайыз, "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" - 6,16 пайыз“Замандаш” - 2,76 пайыз.
21:08. 1 379 790 добуш эсептелди. КСДП алдыда келе жатат. КСДП - 27,13 пайыз, 
"Республика - Ата Журт" - 20,4 пайыз, "Кыргызстан" - 12,81 пайыз, “Өнүгүү-Прогресс” - 9,29 пайыз, "Бир бол" - 8,39 пайыз, "Ата Мекен" - 7,83 пайыз, "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" - 6,18 пайыз, “Замандаш” - 2,78 пайыз, "Улуу Кыргызстан" - 1,51 пайыз, "Ар-намыс" - 0,81 пайыз, "Мекен ынтымагы" - 0,79 пайыз, "Кыргызстан элдеринин конгресси" - 0,6 пайыз, "Аалам" партиясы - 0,4 пайыз, "Азаттык" - 0,3 пайыз. 
20:51. БШК: 1 283 135 добуш эсептелди. КСДП - 26,84 пайыз, "Республика - Ата Журт" - 20,55 пайыз, 
"Кыргызстан" - 12,73 пайыз, “Өнүгүү-Прогресс” - 9,19 пайыз, "Бир бол" - 8,51 пайыз, "Ата Мекен" - 7,93 пайыз, "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" 6,24 пайыз добуш алышты.
20:45. 1 194 508 добуш эсептелди. КСДП - 27,1 пайыз, "Республика - Ата Журт" - 20,56 пайыз, "Кыргызстан" - 12,66 пайыз, “Өнүгүү-Прогресс” - 9,14 пайыз, "Бир бол" - 8,4 пайыз, "Ата Мекен" - 7,91 пайыз, "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" 6,18 пайыз добуш алышты. 
20:37. 1 миллион добуш эсептелди. КСДП - 26,8 пайыз, "Республика - Ата Журт" - 20,7 пайыз, "Кыргызстан" - 12,5 пайыз, "Өнүгүү-Прогресс" - 9,1 пайыз, "Бир бол" - 8,4 пайыз, "Ата Мекен" - 7,95 пайыз, "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" 6,28 пайыз шайлоочулардын добушун алганы белгилүү болду. 7 пайыздык чекти 6 партия ашып өттү.  
20:27. БШК: 929 425 добуш эсептелди. КСДП - 26,89 пайыз, "Республика - Ата Журт" - 20,83 пайыз, "Кыргызстан" - 12,56 пайыз, "Бир бол" - 9,15 пайыз, "Өнүгүү-Прогресс" - 8,54 пайыз, "Ата Мекен" - 7,93 пайыз, "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" 6,3 пайыз шайлоочулардын добушун алышты. 
20:22. Болжолдуу жыйынтык улам жаңыланууда. 770 000 добуш эсептелди. 7 пайыздык чекти 6 партия өттү: КСДП, "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана "Ата Мекен".
20:19. БШКда шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары жарыяланууда. Ага ылайык, алдыда КСДП (25 пайыз), "Республика - Ата Журт" (22,04 пайыз), "Кыргызстан" (13,26 пайыз) жана "Бир бол" (9,86 пайыз).

20:10. "Шайлоодо мыйзам бузууга жол берилбегенин баары көрүштү. Эл аралык байкоочулар шайлоого жакшы баасын берип жатышат. Биз "каруселге" чекит койдук. Бардык партияларга ачык жана таза шарт түзүлдү. Муну партиялар да моюнга алышууда",- деди Сариев. 

20:05. Темир Сариев шайлоонун өтүшү боюнча маалымат берүүдө. "Эң башкысы, ызы-чуусуз шайлоо өткөрүп алдык",- деди өкмөт башчы. 

20:00. Кыргыз мамлекетинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси токтотулду, жакын арада болжолдуу жыйынтыктар билинет.

19:43. Өкмөттө премьер-министр Темир Сариевдин парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берери күтүлүүдө. 

19:35. Бишкектеги шайлоо чөлкөмдөрүнүн биринде шайлоочу талапкерлердин баарына каршы экенин билдиргиси келип бюллетендеги бардык партияларды маркер менен үстүнөн чийип салган. Байкоочулар бюллетень алмаштырылганын билдиришти.

19:21. №1215-шайлоо участкасында 1314 шайлоочунун 589у гана добуш берди. 

19:06. №1316-шайлоо участкасында азыркы учурда 1528 шайлоочунун 655и гана добуш бергени белгилүү болду. 

19:03. Бишкектеги №1315-шайлоо тилкесинде "менин ордума башка бирөө добуш бериптир" деген айымдын даттануусу жалган болуп чыкты. Шайлоодо өзү добуш бергени аныкталганын аталган шайлоо тилкесиндеги комиссия мүчөлөрү билдиришти.  
19:00. Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессинин аякташына 1 саат убакыт калды. 

18:56. Акыйкатчы институту Аксы районундагы №2306-шайлоо участкасында биометрикалык маалыматын тапшырган 25 адам өзүн тизмеден таппай калганын билдирди. 

18:40. "Ордума башка бирөө добуш берип коюптур" деген шайлоочулар Бишкекте №1315-шайлоо тилкесинде да болду. 
18:28. Шайлоо участкаларында атайын шайлоого даярдалган маркерлер жукпай калган учурлар болууда. Мындай көрүнүш №1316-шайлоо участкасында катталды. 

18:10. Малайзияда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси аягына чыкты. Элчиликтин маалыматы боюнча, шайлоочулардын 50 пайызы - 31 жаран добуш берди. 

17:57. Борбор шаарда №1316-шайлоо участкасында байкоочулар бир кишинин эки жолу добуш бериши мүмкүн же мүмкүн эместигин текшерип көрүштү. Жыйынтыгында систем туура иштей турганы, эки жолу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк жок экени тастыкталды.

17:47. Бишкекте №1315-шайлоо участкасында шайлоочулар жокко эсе. Бирин-серин пенсионерлер келип кетишүүдө. 
17:44. КСДП Каракол шаарында шайлоо учурунда каза болгон байкоочусунун жакындарына көңүл айтты. 
17:29. БШКга кошумча маалымат келип түштү. Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 37,9 пайызы добуш беришти. 
17:13: Саат 14:00гө карата жалпы шайлоочулардын 29,9 пайызы добуш бергенин БШКнын өкүлдөрү маалымдашты. Аталган убакытка чейин республика боюнча 820 078 адам добуш берди. 
17:10. БШКнын өкүлдөрү шайлоонун жүрүшү тууралуу кезектеги маалымат жыйынга чыгышты. 
16:52. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мекеменин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын жана добуш берүүгө катышышканын билдирди. 
16:35. Бишкектеги айрым шайлоо участкаларында дээрлик шайлоочу жок. Бул жер №1221-шайлоо участкасы. 
16:06. Бишкекте паспортундагы сүрөтүнө окшошпой калган жаран добуш берүү укугунан ажырап калайын деди. №1315-шайлоо участкасында добуш берүүчүнү байкоочулар "апасынын ордуна кызы добуш бергени жатат" дешип шектеништи. Жыйынтыгында паспорттогу адам өзү болуп чыкты.
16:05. Шайлоонун бүтүшүнө 20 мүнөт калганда өкмөт башчы Темир Сариев маалымат жыйын өткөрөрү айтылды. 
15:52. Чүйдөгү шайлоо участкаларынын биринде добуш сатып алуу фактысы катталды. Окуя боюнча кылмыш иши ачылары өкмөттөгү маалымат жыйында айтылды. 
15:47. "Менин ордума башка бирөө добуш берип коюптур" дегендерге ишенбейбиз. Адам алдашы мүмкүн, бирок аппарат алдабайт. Шайлоо таза өтүп жатат деп ишенимдүү айта алам. "Ким кандай добуш бергенин билүү үчүн өкмөт атайын онлайн жабдууларды коюп алган" деген сөздөр туура эмес. Мындай жабдууларды орнотуу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк практикада жок, эч ким ойлоп таба элек. Анча-мынча мыйзам бузуулар бар, аларга чара көрүлөт",- деди Тайырбек Сарпашев.
15:40. Шайлоодо кимге добуш бергенин кабинада сүрөткө тарткан жаран кармалып, акт түзүлгөнү айтылды өкмөттөгү маалымат жыйында
15:32. Тайырбек Сарпашев шайлоодо Чүй облусунда "карусель" ыкмасын колдонууга аракет кылгандар аныкталганын айтты. "15 киши эртең менен добуш берип, көп өтпөй кайра келишиптир. Алардын добуш бергени аныкталып, кайра кирүүсүнө тыюу салынды. Аппарат алдабайт",- деп билдирди өкмөт өкүлү. 
15:30. ИИМдин өкүлү шайлоодо мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлуп, баш аламандык уюштурууга жол берилбей турганын айтты. 
15:20. Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев шайлоодо техникалардын үзгүлтүксүз иштеши эске алынганын айтты. Анын билдиришинче, өлкөдөгү 1935 шайлоо участкасында генераторлор орнотулган. Мындан тышкары 530 мобилдик топ түзүлгөнү, аларда да генераторлор бар экени айтылды.
15:05: Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоо бүткөнчө, саат 20:00гө карата бардык шайлоочулар добуш берип жетишерин айтты. 
14:50. Бишкектеги №1315-шайлоо участкасында 1314 шайлоочунун 400дөн ашыгы добуш берди. Кезек күткөндөр көп.
14:10. “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Ноокат районунун Шанкол айылында добуш берди. 
13:26. Саат 12:00гө карата республика боюнча жалпы шайлоочулардын 20 пайызы добуш бергенин БШК билдирди. Түшкө чейин 542 200дөн ашык жаран добуш беришкен. 
13:10. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков №5011-шайлоо участкасынан добуш берди. 
13:05. Парламенттик шайлоого карата БШКда саат 13:00дө баштала турган маалымат жыйыны 20 мүнөткө жылдырылды. Буга аймактардан келген маалыматтардын такталбай жатышы себеп болду. 
12:54. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйын өткөргөнү жатат. 
12:21. Президент Алмазбек Атамбаев добуш берип чыккандан кийин журналисттер менен пикир алышып, шайлоодо чыр чыгара тургандарга катуу чаралар көрүлөрүн билдирди. "Шайлоонун жыйынтыгы боюнча шылтоо таап чыр чыгарчуларды күч колдонуп каматабыз. Бүгүн таза шайлоо өтөрүнө ишенебиз. Албетте, бирөөлөр добушун сатышы, кээ бири алданып калышы мүмкүн, бирок бардык добуштар таза эсептелет. Кайсы партия канча добуш топтосо ошону алат, бул нерсе биздин мамлекет үчүн маанилүү. Бизге жакын жайгашкан мамлекеттер эркиндик жана таза шайлоо эмне экенин билишпейт. Мен баарыңарды Жараткандан коркуп, ушул нерсени эстеп жүрүүгө чакырам",- деди Алмазбек Атамбаев. 
12:03. Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы №1363-шайлоо участкасында башка участкалардагыдай узун кезек жок, эл аз. 
11:59: БШК добуш берген шайлоочулардын саны 4 саат сайын жарыяланып турарын билдирди. 
11:48. №1209-шайлоо участкасында азыркы мезгилге чейин 200 жаран добуш бергени айтылды. Азыр узун кезек пайда болду. 
11:43: Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев №1209-шайлоо участкасына небереси менен келип добуш берди. 
11:38. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев шайлоого жубайы менен келгенин, аппаратта президенттин оң колунун манжалары окулбай, сол колу менен идентификациядан өткөнүн айтты №1209-шайлоо участкасынын төрайымы Элеонора Бекташова
11:33. "Эки райондогу шайлоочулардын активдүүлүгүн сурадым, азыркы убакытка чейин добуш берүүгө шайлоочулардын 7 пайызы келиптир",- деди Сарпашев. 
11:27. Сарпашев: "Шайлоо процессинде баары жайында. Мен добуш берип келдим, шайлоонун аякташына дагы 9 саат убакыт бар. Чочулоонун кереги жок, жарандардын добушу купуя сакталат. Буга чейин айрым партиялар шайлоочулардын кимге добуш бергенин билип алса болорун айтып коркутушкан. Андай болбойт",- деп билдирди маалымат жыйында. 
11:25. Тайырбек Сарпашев быйылкы шайлоодо мурунку шайлоолорго салыштырмалуу эл аралык байкоочулар көп экенин айтты. 
11:20. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 26 мамлекетте 36 шайлоо участкасы ачылып, шайлоо процессин 45 массалык маалымат каражаты чагылдырып жатканын айтты. 
11:13: Президент Алмазбек Атамбаев №1209-шайлоо участкасында добуш берди. Учурда журналисттер менен маектешүүдө. 
11:08. Өкмөттө парламенттик шайлоого карата маалымат жыйын өтүүдө. Ички иштер министрлигинин өкүлү өлкөдө саясий абал туруктуу экенин, күч органдары шайлоо процессине көзөмөл жүргүзүп жатканын билдирди. 
10:53. Кубанычбек Кулматов журналисттерге: "Шайлоочулар аз экен, бат эле өтүп кеттим. Аппарат биринчи жолу колумду койгондо манжа издеримди таба алган жок. Экинчи аракетте тапты. Шайлоо таза өтөт деген ишенимдебиз. Жаңы эреже менен шайлоону биринчи жолу өткөрүп жатабыз",- деп билдирди.
10:50. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов №1209-шайлоо участкасында добуш берди. Мэр 45 секундда добуш берүүгө үлгүргөнүн айтты.
10:43. Өмүрбек Бабанов добуш берди. Бюллетенди урнага кызынын колу менен салдырды.  
10:39. Бабановду шайлоо участкасына кезек күтпөй эле киргизүүгө шайлоочулар уруксат бербей жатышат. "Биздин катарда кезек күтсүн" дешүүдө шайлоочулар. 
10:33. №1260-шайлоо участкасында "Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов кезекте турат. 
10:15. Темир Сариев журналисттерге: "Биз парламенттик шайлоону жаңы тартип, жаңы технология: биометрикалык маалыматтын негизинде өткөрүп жатабыз. Бүгүн саат 08:00дө өлкө боюнча бардык шайлоо участкалары ачылып, иштей баштады. Коомдук кырдаал туруктуу. Бардык күч органдары жана мамлекеттик уюмдар өздөрүнүн иштерин күчөтүлгөн тартипте аткарып жатышат. Мен ишенем, бүгүн шайлоо таза, ачык, тынч өтүп, жыйынтыгын баарыбыз кечинде алабыз",- деп билдирди. 
10:13. Өкмөт башчы Темир Сариев добуш берип чыкты. Анын добуш берүү учурун журналисттер сүрөткө тарта албай калышты. 
10:10. Бакыт Төрөбаев уулунун коштоосунда добуш берди. 
09:57. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев добуш берүүгө келди. 
09:45. Добуш берип чыккан Чыныбай Турсунбеков: "Парламенттик шайлоонун таза өтөрүнө ишенебиз. Ал эми шайлоодон кийин чыр чыгарууга аракет кылчулар - чагымчылдар, алар жеңилип, ызасын көтөрө албагандар, анткени чыр чыгарыш үчүн шылтоо керек. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы таза, так чыгарына элдин көпчүлүгү ишенет. Жарандарыбыз туруктуулук үчүн добуш берерине ишенем. Мурдагы шайлоолорго караганда бул ирет шайлоочулар активдүү келип беришет",- деп билдирди.
09:40. Кара-Жыгач айылындагы шайлоо участкасында (орто мектептин имараты) аппарат 146 добушту кабыл алган соң иштебей калды. Тиешелүү адамдар карап жатышат. Байкоочулар улам суроолорду берип, ката кетпесин деген оюн айтышууда.
09:37. Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы мектепке шайлоодо добуш бергени "Бир бол" партиясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин келери күтүлүүдө.  
09:34. Премьер-министрдин добуш берүү учурун тартууга мамлекеттик телеканалдарга гана уруксат берилди. Калган журналисттер сыртта калышты. 
09:22: №1209-шайлоо участкасына добуш бергени президент Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министр Темир Сариевдин келери күтүлүүдө. 
09:17: КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков №1209-шайлоо участкасында добуш берди. 
09:15: Өмүрбек Текебаев добуш берди. Бюллетенди урнага кызынын колу менен салдырды. 
09:01. "Ата Мекендин" лидери добуш берүүгө жубайы жана кызы менен келди. 
09:00. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев шайлоо участкасында добуш берүүгө кезек күтүүдө. Операторлор жай иштешүүдө. 
08:54. Документин үйүндө калтырып койгон жаран добуш берди. 
08:53. №1220-шайлоо участкасы. Бир жаран документин үйүнө калтырып коюптур, бирок маалымат базасынан өздүгү чыкты. Анын добуш беришине макулдук бергени жатышат. 
08:45. Бишкектеги №1220-шайлоо участкасында шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышууда. Чакан кезек күтүү пайда болду. 
08:42. Тайырбек Сарпашев добуш берип жатканда иштебей калган монитор оңдолду. 
08:40. Добуш берүүгө биринчилерден болуп пенсионерлер келишүүдө.
08:07. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкектеги №13-мектеп-гимназиясынан добуш берди. Өкмөт өкүлү манжа издерин берип жатканда байкоочулар карап туруучу экрандан анын сүрөтү чыкпай калды. "Нет данных" деген жазуу чыгып турду. 
07:55. Бишкекте байкоочулар шайлоо участкаларына келишти.
06:35. Бүгүн, 4-октябрда саат 08:00дө (Бишкек убактысы саат боюнча 06:00) Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинде (Куала-Лумпур шаары) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Алгачкы мүнөттөрдө 12 адам добуш беришти. 


кошулду
Өмүрбек Бабанов бюллетенди урнага кызынын колу менен салдырды
Өмүрбек Текебаев добуш берүүгө жубайы жана кызы менен келди
Бакыт Төрөбаев уулунун коштоосунда добуш берди
Тайырбек Сарпашев: "Эл шайлоого активдүү катышып жатат"
Президент Алмазбек Атамбаев: "Бардык добуштар таза эсептелет"
БШК: "Түшкө чейин шайлоочулардын 20 пайызы добуш берди"
Байкоочулар: "Экинчи жолу добуш бергени жаткан жаран сыртка чыгарылды"
БШК: "16:00гө карата шайлоочулардын 37,9 пайызы добуш берди"
БШК: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан" алдыда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан