Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги №1209-шайлоо участкасына добуш берүүгө келген Абдрасул Ахматов аттуу жаран тизмеден өзүн таппай калды. Баткенден көчүп келип, Бишкекке каттоого турганына бир жылдан ашканын айткан шайлоочу тизмеде Баткендеги эски дареги боюнча катталып калганын айтат. “Бул жерде Мамлекеттик каттоо кызматы туура эмес тизмени берген деп ойлойм. Мен буга чейин өзүмдү тизмеден тактаган эмесмин. Бүгүн текшере келсем, Баткенде добуш беришим керек экен. Экинчи шайлоого келип добуш бербейм”,- дейт Ахматов.