Саат 12:00гө карата чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын 2 пайызы эле добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, аталган мөөнөткө карата жалпы республика боюнча шайлоочулардын 20 пайызы добуш берди. Ал эми аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болууда:
Бишкек шаарында - 58 100 адам добуш берди (шаардагы шайлоочулардын 15,5 пайызы)
Ош шаары - 22 241 адам (16,7 пайыз)
Жалал-Абад облусу - 98 876 адам (20 пайыз)
Ош облусу - 100 121 адам (18 пайыз)
Баткен облусу - 54 300 адам (24,1 пайыз)
Чүй облусу - 96 100 адам (21,2 пайыз)
Ысык-Көл облусу - 47 230 адам (19,6 пайыз)
Нарын облусу - 34 428 адам (23 пайыз)
Талас облусу - 30 635 адам (24,9 пайыз)
"Жалпы республика боюнча 542 200 адам добуш берди. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 20 пайызын түзөт",- деп белгиледи Асаналиев.