Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте шайлоо процесси кызуу жүрүүдө. Борбор калаадагы мектептердин бириндеги шайлоо участкасына үйлөнүү тою өтүп жаткан жаш жубайлар келип өз добуштарын берип кетишти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары жарыялашты.