51 шайлоо участкасында байланыш жок болгондуктан, жыйынтыктар кечигүү менен келип турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Гүлнара Батырова билдирди. Мындан тышкары ал 22 шайлоо тилкесинде байланыш начар же туруксуз болуп жатканын кабарлады.
"Аймактарда добуш берген шайлоочулардын саны серверге ар 4 саат сайын түшүп турат, ал эми аталган шайлоо аймактарынан маалыматтар кечигүү менен келери күтүлөт",- деди Батырова.
Айта кетсек, бүгүн республикада 2374, чет өлкөдө 36 шайлоо тилкеси иштейт. Биометрикалык маалыматын тапшырган 2 миллион 757 826 жаран шайлоо укугуна ээ болгон. Шайлоого 14 саясий партиядан 2 миңдей талапкер ат салышууда. Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, добуш берүү токтотулат. Автоматташтырылган урналардагы бюллетендерди электрондук эсептөө менен бир сааттын ичинде шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары чыгып калары айтылууда. Добуштар кол менен да саналып чыгат. Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 24-октябрга чейин чыгарылат.