БШК: "Бүгүнкү шайлоого буга чейинкилерге салыштырмалуу адам азыраак келүүдө"

"Бүгүнкү шайлоого буга чейинкилерге салыштырмалуу адам азыраак келүүдө",- деди бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашимов.
"Мурункуга караганда быйыл активдүүлүк аз, бирок шайлоо таза өтүп жатат. Башка бирөө үчүн добуш берүү же "карусель" ыкмасын колдонуу фактысы жок. Шайлоодо добуш берген элдин саны айтылып жатат. Кечке чейин дагы добуш бергендердин саны дагы көбөйөт деген ишеничтебиз",- деди Ашимов.
Айта кетсек, саат 16:00гө карата жалпы республика боюнча шайлоочулардын 37,9 пайызы добуш берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан