Алмазбек Атамбаев: "2010-жылкы революция болбогондо, биздин өлкө кандуу диктатурага айланмак"

Бүгүн, 4-октябрда президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда шайлоого байланыштуу эки күндөн бери уктай албай жатканын билдирди. Көптөн бери таза шайлоо өткөрүүнү кыялданып жүргөнүн кошумчалады.
"Бүгүн 2009-жылкы шайлоону эстедим. Анда шайлоо учурунда бюллетендерди мыйзамсыз таштоого аракет жасагандарды кармаганы үчүн 19 адам 4 жылга эркиндигинен ажыраган. Алардын арасында бүгүнкү күндөгү акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева бар. Бул нерсени эстеп жүрүш керек. Эгер 7-Апрель революциясы болбогондо, анда биздин өлкөбүз кандуу диктатурага айланмак",- деди президент.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан