Чеченстандын президенти
Рамзан Кадыров 5-октябрда 39 жашын белгиледи. Туулган күнү менен президентти жүздөгөн адамдар: кесиптештери, кол алдында иштегендери, эл аралык өнөктөштөрү, Кремлдин өкүлдөрү жана Орусиянын курамындагы башка мамлекеттердин башчылары, артисттер, спортчулар куттукташты.
Алардын катарында чечен футболчусу
Заур Садаев да өлкө башчысын куттуктап, казандык "Рубиндин" дарбазасына киргизген эки голун Кадыровдун урматына арнаганын жарыялады.
Рамзан Кадыров буга чейин туулган күнүн үй-бүлөсү жана жакындары менен белгилей турганын билдирген. Анын айтымында, бул күн башка күндөрдөн эч кандай айырмаланбайт. "Туулган күндү үй-бүлө менен тосуу салтыбыз бар. Балдарыбыз ыр окуп беришет, жубайым, апам үчөөбүз чогуу отуруп чай ичебиз",- деген чечен лидери.
Маалыматка ылайык, Кадыров туулган күнүн укмуш шаан-шөкөт уюштуруп, жүздөгөн конок чакыруу менен белгилөөнү жактырбайт.