2016-жылга карата бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү бекитилди

Кыргыз Республикасында 2016-жылга карата бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү бекитилди. Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун 7-октябрда Салык кызматынан билдиришти. 
КРнын Салык кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кийинки жылга карата бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү республиканын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын 40 пайыз өлчөмүндө аныкталат. 2016-жылга карата киреше салыгын эсептөөдө пайдаланылуучу бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү өкмөттүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен бекитилген бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан берилген маалыматтын негизинде эсептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан