Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Мамлекет башчылары кыргыз-орусиялык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ар кыл тармактарда, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында өз ара аракеттенишүүнүн келечегин талкуулашат.
Эскерте кетсек, Орусия президенти Путин бүгүн 63 жашка толду.