Шайлоо күнү техникалык колдоо тобуна жалпы 2044 кайрылуу түшкөнү айтылды

Парламенттик шайлоо күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык колдоо тобуна республика боюнча 2044 кайрылуу түштү. Кайрылуулардын көбү шайлоочулардын тизмесин тактоо, тийиштүү жабдуулардын убактылуу иштебей калышы боюнча болгонун 7-октябрда аталган мекемеден билдиришти.  
Кайрылуулардын 85 пайызы телефон аркылуу консультация берүү менен чечилгени, калган 15 пайызы тийиштүү адистердин шайлоо участкаларына барышы менен жолго салынганы айтылды. "Көйгөйдү чечүүнүн эң кыска мөөнөтү 15 секунданы, эң узагы 3 саатты түздү. №2047-шайлоо участкасында ноутбуктун бузулушуна, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына баланыштуу маселени чечүү бир нече саатка созулду",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан