Түркияда Бишкек менен Анкаранын кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов жана Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев баштаган делегация 7-октябрда Анкара шаарынын мэриясы уюштурган Шаарлардын глобалдуу дизайны уюмунун жыйынына катышты. 
Элчиликтин билдиришинче, жыйындын башкы максаты - шаарлардын өнүгүшү, шаардыктардын татыктуу жашоосуна шарт түзүү жаатында тажрыйба алмашуу. Жыйынга 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, айрым шаарлар тууралуу маалыматтардын бет ачары болду. Бишкектин вице-мэри менен элчи жыйындын алкагында Анкара шаарынын мэри менен жолугушуп, тараптар Анкара менен Бишкектин кызматташтыгы, алаканы бекемдөө үчүн жасалчу мындан аркы кадамдар тууралуу сүйлөшүшкөнү айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан