Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-октябрда Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Президенттер кыргыз-орус кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында жана аймактык коопсуздукту камсыздоо жаатында өз ара аракеттенүү тууралуу пикир алышты.
Владимир Путин Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүшү менен Алмазбек Атамбаевди куттуктап: "Сизге, депутаттык корпустун жаңы курамына жана жалпы кыргыз өлкөсүнө ийгилик, сиз белгилеген пландардын аткарылышын каалайм",- деп билдирди.