Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы “Cotton Textile Factory” пахта заводунда жүзгө жакын адам иштейт. Завод жылына 20 миң тонна пахта өндүрөт. Бул тууралуу 8-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн өкмөт башчы аталган облуска болгон иш сапарында жер-жерлердеги мындай заводдордун ишке киришинин мааниси чоң экенин белгилеп, Ош, Жалал-Абад аймактарында пахта талааларын көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Бул үчүн пахтаны кайра иштетүүгө керектүү шарттарды түзүү зарылдыгын айтты. Мындай ыкманы бардык аймактарга жайылтууну айткан Т.Сариев аны каржылоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан атайын долбоордун негизинде каражат алууну сунуштады.