Сариев: "Жыл сайын республика боюнча 100дөн кем эмес күнөскана жана жашылча-жемиш сактоочу кампалар ачылышы кажет"

8-сентябрда премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна жасаган бир күндүк иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Бүргөндү айылындагы күнөскана комплексинин жана жашылча-жемиш сактоочу кампанын иши менен таанышты.

Объектилерди кыдыруу учурунда Темир Сариевге маалымдалгандай, мындагы жашылча-жемиштер тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрүлөт. Ишкер жылына эки ирет түшүм жыйнайт, 1 гектардан түшкөн пайда 5 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Премьер-министр белгилегендей, жыл сайын республика боюнча 100дөн кем эмес ушул сыяктуу комплекстер ачылышы кажет. Өкмөт тараптан жер маселеси, тийиштүү адистерди даярдап чыгаруу, үрөн менен камсыздоо маселеси чечилиши керек жана ал өз кезегинде өстүрүлгөн продукцияны сатуу механизмдерин иштеп чыгууга даяр.

Темир Сариев айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү оңдуу көрүнүштөрдү белгилеп, айыл чарба продукциясын өстүрүүдөгү жаңы ыкмалардын киргизилиши, тактап айтканда, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонгон жаңы күнөскана комплекстеринин жана жашылча-жемиш сактоочу кампалардын ачылышын колдоого алуу зарылдыгын билдирди.

Өкмөт башчы ушул жылдан тарта бардык облус, райондордо тамчылатып сугаруу ыкмасы кеңири жайылтылган ушул сыяктуу комплекстерди түзүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан