"Кара-Суу" өткөрүү пунктунда жаңы санитардык-карантиндик пункт ачылат

Өкмөттө бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинен кийинки медициналык санитардык-карантиндик пункттардын иши талкууланган жыйын өттү. 
"Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасын ишке ашыруу максатында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Кара-Суу темир жолу" өткөрүү пунктунда жаңы медициналык санитардык-карантиндик пунктту ачуу пландалууда. Мындай чечим темир жол каттамдарын ачуу пландарына байланыштуу кабыл алынды",- деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль
Жакынкы аралыкта Караколдогу жана Баткендеги аэропорттордун өткөрүү пункттарынан аталган багыттагы пункттар алынары айтылды. "Аталган аэропорттор Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталган эмес жана аларда санитардык-карантиндик пункттарды түзөтүү жагы каралган эмес",- деп кошумчалады өкмөт өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан