9-октябрда өкмөттө Макроэкономика жана инвестиция боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы алган гранттарды жана насыяларды эффективдүү пайдалануу, долбоорлорду кароо жана баалоо усулдарын аныктоо, салыктык префенцияларды жеңилдетүү маселелери каралды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Жыйынды ачып жатып премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн чет жактан келген насыялар жана гранттарды эффективдүү пайдалануунун мааниси чоң экенин белгилеп, ага көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын билдирди.
“Биз алынган каражатты жөнү жок колдонбошубуз керек. Аларды эң керектүү делген тармактарга жумшап, максималдуу эффект алуу зарыл. Анын үстүнө алынган каражаттарга ири улуттук долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Бул жаатта абдан ийгиликтүү мисалдар бар”,- деди Темир Сариев.
Бул тууралуу маалымат берген каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, сырттан келген насыялар жана гранттар эң көп жумшалган тармак транспорт жана энергетика тармагы. Транспорт тармагына келген гранттардын 28 пайызы, энергетика тармагына 29,9 пайыз, айыл чарба тармагына 11, 9 пайыз, социалдык тармакка 6 пайыз, ал эми импортту каржылоо жана төлөм мүмкүнчүлүгүн колдоого 25 пайыз жумшалган.
Премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлиги, Экономика министрлиги жана өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна донорлордун жардамын эффективдүү колдонууну жакшыртуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.