Президент
Алмазбек Атамбаев Түркиядагы 95 адамдын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу өлкө башчысы
Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу 11-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Президент жиберген телеграммасында: "Кыргыз Республикасынын эли эл аралык коомчулукка коркунуч жаратып жаткан терроризмге каршы жана түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөт",- деп белгиледи. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев каза болгондордун жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди.
Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу 10-октябрда 3 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Ал эми жардыруудан каза болгондордун саны 95ке жетти. Ошол эле учурда жаракат алгандар 246га жетип, анын 50дөйү учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Жардыруу 10-октябрь күнү Анкара шаарындагы негизги темир жол бекетине жакын жерде жергиликтүү саат боюнча 10:00 чамасында болгон. Жардыруу болгон жерде тургундар өлкө бийлиги менен күрт радикалдарынын ортосундагы кагылышууну токтотуу талабы менен митинг өткөрүп жатышкан. Көпчүлүгү жаштар болгон.