Европа кеңешинин Венециан комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы менен тажрыйба бөлүштү

Европа кеңешинин Венециан комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы менен тажрыйба бөлүштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан 12-октябрда билдиришти.
Мекеме Конституциялык палатанын бирден-бир милдети ратификациялана турган эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талабына жооп беришин көзөмөлгө алуу экенин эскертет. Конституциялык палата түзүлгөндөн тартып бир дагы келишим экспертизага алынбаганы айтылат маалыматта.
"Босния жана Герцеговинанын Конституциялык Сотунун вице-президенти Златко Кнежевич, Молдованын адилет министри Владимир Гросу эл аралык келишимдерди конституциялык көзөмөлгө алуу боюнча эмгегинин бет ачарын өткөрүштү. Кнежевич "Глобалдуу дүйнөдө ар бир өлкө ар түрдүү келишимдер менен тескелген эл аралык процесстерге аралашат. Ар бир келишимде укук жана милдет жазылат. Айрым учурда эл аралык келишимдер улуттун Баш мыйзамына карама-каршы келип калат. Ошондуктан бул процессте Конституциялык палатанын сотторуна чоң жоопкерчилик жүктөлөт, себеби соттор гана эл аралык келишимдердин талабына же Баш мыйзамдын нормаларына ылайык чечим чыгара алышат" деп билдирди",- деп айтылат Жогорку Соттун маалыматында.
Молдованын адилет министри Владимир Гросу: "Өз өлкөсүндө кандай гана эл аралык мыйзам болбосун, Конституциядан жогору турбайт",- деди. Айрым учурда Конституциялык Сот чечим чыгарарда эл аралык нормаларга таянып, жергиликтүү мыйзамдарды ага шайкеш келтирүүгө аракет кылышарын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан