Премьер-министр абактан качкандарды кармоодо стратегиялык объекттердин коопсуздугун күчөтүү тапшырмасын берди

Бүгүн, 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50-түзөтүү мекемесинен камактагылардын качып кетүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында болуп өткөн окуя жана кылмышкерлерди кармоо боюнча тиешелүү органдардын жетекчилери маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, учурда абактан качып чыккан беш соттолуучу кармалып, калган төрт кылмышкерди кармоо боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эркиндикте жүргөн төрт кылмышкерди издөө иштерин улантууда. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү комиссия түзүлгөн, кызматтык иликтөө иштери өткөрүлүүдө, камактагыларды колго түшүрүү боюнча зарыл чаралар кабыл алынган.

Премьер-министр Темир Сариев кылмышкерлерди кармоо боюнча иштерди биргеликте өткөрүү боюнча чара көрүү, стратегиялык объектилердин коопсуздугун күчөтүү жана окуяга себеп болгон жагдайларды толук иликтеп чыгуу жана тийиштүү кызматтык жактардын жоопкерчилигин аныктоо тапшырмасын койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан