Алдын ала маалыматтар боюнча, Беларуста өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 83,49 пайыз добушка ээ болуп, жеңишке жетти. Маалыматты аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме берип 12-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баарына каршы добуш бергендер 6,4 пайызды түзгөн. Лукашенконун атаандаштарынан "Чындыкты сүйлө" жарандык кампаниясынын өкүлү 4,42 пайыз, Либерал-демократиялык партиянын лидери Сергей Гайдукевич 3,32 пайыз, "Беларусь" патриоттук партиясынын төрагасы Николай Улахович 1,67 пайыз добушка ээ болду.
БШКнын маалыматына караганда, жарандардын 87,2 пайызы добуш беришкен. "Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 16-октябрда белгилүү болот",- дейт Ермошина.
61 жаштагы Александр Лукашенко мамлекет башчы болуп бешинчи жолу шайланып жатат. 1994-жылы президенттик шайлоонун 2-турунда 80,3 пайыз добуш менен Лукашенко президент болуп шайланган. 1996-жылы анын ыйгарым укуктары референдум аркылуу 2001-жылга чейин узартылган. Андан кийин 2001, 2006 жана 2010-жылдары өлкөнү башкарган.