Бүгүн, 12-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруу Замир Сүйөркуловго жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Сүйөркулов буга чейин коргоо министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге кылмыш иши козголуп, бүгүн ээлеген кызматынан бошотулган эле.