Нарында 9 айда салыктарды жыйноо планы 104 пайызга аткарылды

Быйылкы жылдын 9 айында Нарын облусунда салыктарды жыйноо планы 104 пайызга аткарылды. Муну 12-октябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Маалыматка таянсак, облуста пландалган 433,3 миллион сомдун ордуна 450,7 миллион сом жыйналган. "Нарын шаарынын салыкчылары салык боюнча планды 112,8 пайызга, Нарын району 100,7 пайызга, Ат-Башы району 105,1 пайызга, Ак-Талаа району 111,7 пайызга жана Кочкор району 104,6 пайызга аткарышты.
Нарындагы салык органдарынын башчылары менен жолугушууда Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов негизги көңүлдү карыздардын төмөндөшүнө жана салыктык түшүүлөрдүн жогорулашына алып келүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугуна бурду",
- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан