Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйыны болуп, анда бир катар эл аралык келишимдердин долбоорлору каралды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, "Бишкек шаарындагы коомдук транспортту өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, насыялык макулдашууну андан ары узартуу маселеси чечилди. Макулдашуунун негизинде 8,4 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилет. Ал каражатка жаңы троллейбустар сатылып алынмакчы.