Борбор калаада "Мен ракты жеңдим!" аталышындагы фотокөргөзмө өтөт

Бишкекте эртең, 14-октябрда "Мен ракты жеңдим!" аталышындагы фотокөргөзмө ачылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. 

Иш-чара "Күлгүн октябрь" акциясынын алкагында өтөт. Ага 2014-2015-жылдагы сүрөт долбоорунун катышуучулары, кыргыз жериндеги ракка каршы кыймылдын өкүлдөрү жана өнөктөштөрү, Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жаткандар катышат. Анда айымдарга өзүнүн ден соолугуна кам көрүү, эмчек рагына кабылуу коркунучунун алдын алуу боюнча адистер кеңеш беришет. Фотокөргөзмөнүн максаты онкологиялык ооруга кабылгандарга колдоо көрсөтүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
GULZAT.83
2015-10-14 08:19:11
Куайым Берген дартына шыпаасын кошо берсин ИНШАЛЛАХ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан