“Республика - Ата Журт” партиясы аз добуш алган 40тан ашык талапкерин тизмеден чыгарды

Парламенттик шайлоодо 20,15 пайыз менен утушка ээ болгон “Республика - Ата Журт” партиясы өз аймагынан аз добуш алып калган 40тан ашуун талапкерин тизмеден чыгарды. Бул тууралуу 13-октябрда SUPER.KG'ге аталган партиянын өкүлү Нурлан Шакиев билдирди. Партия өкүлү талапкерлердин тизмеден чыгуусу улантылып жатканын айтты. "Талапкерлер өзүнө бөлүнгөн аймактан жетиштүү добуш ала албай калганы үчүн тизмеден чыгып жатышат. Учурда 50гө чукулдап калды. Бул партиянын жобосуна жараша чечилип жатат",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан