Балдар үйүнөн качып чыкканын айткан өспүрүм "туугандарым жок, 15 күндөн бери көчөдө жүрөм" дейт

Бишкектеги балдар үйүнүн биринен качып чыкканын айтып 13 жаштагы өспүрүм SUPER.KG порталына кайрылды. Анын билдиришинче, балдар үйүнөн качууга ал жердеги өзүнөн улуу балдардын токмогу себеп болгон. Аты-жөнү Бек Ибраимов экенин билдирген өспүрүм буларды айтты:
"Ысык-Көлдүн Долинка деген айылынан болом. 9 жашымдан бери балдар үйүндөмүн. Ата-энем, бир туугандарымдын бар экенин деле билбейм. Эч ким деле издеп келген эмес, бирок туулган жеримди билем. Балдар үйүнө баргым келбейт, ал жакта өзүмдөн улуу балдар ар кандай себептер менен урушат".
Кайсы балдар үйүнөн качып чыкканын айта албаган өспүрүм 15 күндөн бери көчөдө жүргөнүн, тапкан акчасына курсагын тойгузуп, кечинде интернет-клубга барарын кошумчалады. Жанында дагы эки бала бар экенин билдирди.
Бул боюнча Социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаӊыл Жумабаевага кайрылганыбызда буларды билдирди:
"Мен 10 жыл көчө балдары боюнча иш алып барып, ушундай балдарды көп жолуктурдум. Кээ бири бүгүн Бек болсо, эртең дагы башка ысымды айтышат. Ошондуктан алардан так маалыматты алуу өтө кыйын. Эгер милиция кызматкерлерин көрүшсө, артын карабай качышат. Айрымдары "барарга үйүм, ата-энем жок" деп калп айтышат. Анан боору ачыган адамдар аларга акча берип жатышпайбы. Балдар ушинтип акча чогултушуп, тапканын интернет-клубга же дагы башка нерсеге жумшашат. Булар көнүп калышкан. 
Азыр ар кандай кырдаалды көрүп жатабыз. Эгер ата-энеси, үй-бүлөсү оор кырдаалда калган болсо, биз балдарды балдар үйүнө же атайын борборлорго жөнөтөбүз. Ал эми биздин социалдык кызматкерлер ата-энелердин бардык шарттарын карап чыгып, жардам беришет. Жыйынтыгында ошол үй-бүлөнүн жашай турган жери, багууга шарты жок болсо, анда алардын балдары соттун чечими менен 6 айга чейин балдар үйүнө жайгаштырылат. Ага чейин социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө жардам берип, оор кырдаалдан чыгарышы керек. 
Андан кийин баласы кайра ата-энесинин колуна берилет. Мындай кырдаалга кабылган ар бир үй-бүлө дайыма биздин көзөмөлдө болот. Ал эми биз бул 13 жашар бала боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылып, кайсы балдар үйүнөн экенин тактайбыз".
13 жаштагы Бек балдар үйүнөн качып кеткен (аягы жок)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shat.88
2015-10-13 21:33:46
Саламатсыздарбы Супер инфо, мага майып балдарга колдоо коргозуу мекемелеринин дарегин берип коесуздарбы,чон рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан