Чүй облустук төрөт үйүндө тубаса майып
(ДЦП синдрому коштолгон) эне - 28 жаштагы
Жылдыз Казиева 3 эмди төрөдү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына аталган мекеменин жетекчиси
Айнагүл Секембаева билдирди.
Анын айтымында, айым кош бойлуулуктун 8 айлык кезинде төрөт үйүнө келген. "9-октябрда үч эм операция жолу менен жарыкка келди. Үчөө тең кыз. Алардын салмактары 1894 грамм, 1712 грамм жана 1529 грамм. Ымыркайлардын абалы орточо оор катары бааланууда. Азырынча алар үйгө чыгарылбайт",- деди Секембаева.
Мындан тышкары ал Жылдыз Казиева буга чейин бала төрөгөнүн баса белгиледи.