Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрынын астында интеллектуалдык менчикти карактоого каршы акция өттү. Ага шаар тургундары катышып, иш-чаранын алкагында каракчылыкка каршы ар кандай оюндар уюштурулду.
Акциянын башкы максаты - продукциялардын каракчылык менен чыгып жатканына каршылык көрсөтүп, калкыбыздын арасында интеллектуалдык жана автордук менчикти сыйлоо, авторлордун укугун коргоо, сапатсыз продукцияларды колдонбоого чакыруу.
Иш-чаранын уюштуруучусу, "Кыргыз патенттин" көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимүдүновдун айтымында, бул акция 3-4 жылдан бери өткөрүлүп келет. "Мисалы, лицензиялык дисктердин баасы 800-1000 сомдун тегерегинде бааланат, ал эми каракчылык менен көчүрүлгөн фильмдер 30-70 сомдон сатылат. Албетте, сапаттуу продукциянын наркына бардык салыктар кошулуп, кинонун тартылышына кеткен чыгымдар да кирет. Ошондуктан авторлордун эмгегин бааласаңыздар, анда сапаттуу жана мыйзамдуу товар сатып алууга чакырат элем”,- деди бөлүм башчы.