№50-абактан качкан кылмышкерлердин колунан оор жаракат алган кызматкердин абалы оор бойдон калууда

КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев кылмышкерлердин колунан оор жаракат алган Жаза аткаруу кызматынын кызматкеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу 13-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Комада жаткан Тилек Абылгазиев азыркы тапта Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы операция жасалгандан кийин да оор бойдон калууда, бирок кан басымы жана дем алуусу туруктуу. Ал баш сөөгүнөн оор жаракат алып, көп кан жоготкон. 

Вице-премьер-министр Т.Абылгазиевдин туугандары менен жолугуп, анын дарылануусу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн айтты. Ошондой эле өкмөт тарабынан азырынча 50 миң сом каражат бөлүү чечими кабыл алынганын кошумчалады. 

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Medina87
2015-10-13 17:37:09
Уй-булосунун умутуно узааак омурсун оорусунан айыгып.
+2
Deniza88
2015-10-13 17:38:16
Жакшы болуп кутуусун Кудайдан суранабыз )))
+2
1982bek
2015-10-13 17:44:01
Жакшы болуп кетсин!Жанагы кылмышкер соройлорду тезинен кармабаса,коомго коп зыяндуулук алып келишет.
+3
EdikoKG
2015-10-13 18:09:34
Кыргызстан кылмышкерлердин курорту болуп калды озу. Тартип,мыйзам жок.
+2
aziz2012
2015-10-13 18:24:56
Аллах озу шыпасын берсин
+2
Alixan-Nookat.2015
2015-10-13 19:15:54
Кудайым озу шыпаасын берип айыгып кетсин. Кылмышкерлерди кармоо учурунда каршылык корсотту деп ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-10-14 12:17:03
Alixan-Nookat.2015 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
tabyshmak
2015-10-14 11:18:52
Депутаттар жаны креслону пландабай бул кызматкердин дарылануусуна жакшы болбосо да жакшыраак жардам бербейби?.. ,,Азырынча 50 000 сом" дебестен.
0
tabyshmak
2015-10-14 11:20:35
Азырынча элуу мин сом" дебестен жакшы болбосо да жакшыраак жардам беришпейби депутаттар жаны креслону пландоонун ордуна...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан