Адис: "Өлкөдө интеллектуалдык менчик товарларынын 97-98 пайызы каракчылык жолу менен чыгарылат"

Өлкөдө интеллектуалдык менчик товарларынын 97-98 пайызы каракчылык жолу менен чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына "Кыргыз патенттин" көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимүдүнов билдирди. Анын айтымында, аталган мекеме Каржы полициясынан тышкары жылына базарда сатылган продукцияларды көзөмөлдөп турат.

2013-жылга чейин каракчылык менен алектенгендерге айып пулдун көлөмү 2 миң сом гана болчу. Андан кийин Административдик кодекске өзгөртүүлөр кирип, аталган айып 25 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бул сумма да аздык кылат, анткени алар келтирген чыгымдар 30-40 миң доллардан ашып кетет”,- деди Нажимүдүнов.

Ошондой эле адистин айтымында, интеллектуалдык менчикти жакшылап көзөмөлгө алуу үчүн Каржы полициясынын түзүмүндө бул тармакка гана байланыштуу өзүнчө бөлүм ачыш керек.

Каржы полициясы биздин тармагыбызга өтө көп көңүл бура албай жатат, анткени алардын мындан да маанилүү жумуштары көп. Ал арада өзгөчө биздин чыгармачыл адамдар дал ушул каракчылык менен алектенгендердин колунан жабыркап калышууда”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан