Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз курамасы менен Бангладеш футболчулары беттешет. Буга байланыштуу учурда стадионго күйөрмандардын келүүсү орун алып жатат. Оюндун башталарына 1 саат 30 мүнөттөй калганы менен, элдин агымы жай болуп жатат. Ал эми милиция Тажикстан курамасы менен болгон беттештей эле стадиондун төрт тарабын толугу менен курчоого алып, ар бир адамды дыкат текшерип киргизүүдө.