Кыргыз курамасы менен Бангладеш футболчуларынын оюнуна күбө болууга келген күйөрмандардын саны Тажикстан менен болгон беттешке салыштырмалуу аз болуп жатат. Стадиондун дээрлик 30 пайызы гана күйөрмандарга толду. Ошол эле учурда сырттан келип жаткандардын агымы уланууда. Учурда эл аз болгонуна карабай оюнду баштоону талап кылып, кыйкырык салып жатышат.