Кыргыз жана Бангладеш курамаларынын беттешине өзгөчө келген "KG" күйөрмандар
Саналуу мүнөттөрдөн соң кыргыз курамасы менен Бангладеш футболчуларынын беттешүүсү башталмакчы. Ага келген элдин агымы аз болгону менен, арасында айрым күйөрмандар өзгөчө даярдык менен келишкен. Айрымдары желектин эмблемасы түшүрүлгөн футболка кийип келишсе, айрымдары беттерин кызыл түскө боёп, чекесине "KG" деп жаздырып алышкан. Ал эми дагы бир түрк улутундагы күйөрман Кыргыз Республикасынын желегин жамынып келди. Ал SUPER.KG'ге: "Кыргыз курамасы сөзсүз утушу керек. Көрөсүңөр, стадион ичинен өзгөчө колдоого алып, желекти желбиретем",- деп айтты.