Милиция уюштуруу иштерин бузуп, билети жок тааныштарын өздөрү менен кошо алып кирип кетип жатат
Бүгүн, 13-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз курамасы менен Бангладеш футболчуларынын беттеши өтүп жатат. Күчөтүлгөн режимде иштөөгө тийиш болгон милиция кызматкерлери уюштуруу иштерин бузуп жатышат. Чүй-Тоголок Молдо көчөсүнө орнотулган тосмодон милиция кызматкерлери билети жок тааныштарын өздөрү менен кошо алып кирип кетип жатышат. Тосмо сыртында турган эл буга нааразы болду.