Бакыт Бакетаев депутаттарга жаңы кресло сатып алууну токтотууга журналисттер зор салым кошушканын айтты

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо серепчи Бакыт Бакетаев айрым мамлекеттик маселелерди чечүүдөгү массалык маалымат каражаттарынын ролун белгиледи. Серепчи жаңы шайланган депутаттарга кресло алуу аракетин мисал келтирди. "Журналисттердин жардамы менен 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына сатылып алынуучу креслолор маселеси кызуу талкууга алынды. Жыйынтыгында депутаттар жаңы кресло алуудан баш тартышты",- деди эксперт. 
Эскерте кетсек, 8-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Буга коомчулук катуу каршылык көрсөттү. Жыйынтыгында парламенттин Иш башкармалыгы тендерди жокко чыгарууга аргасыз болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан