Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы депутаттарга кресло сатып алуу боюнча тендер төрага менен макулдашпай жарыяланганын билдирди

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бүгүн, 14-октябрда депутаттарга кресло сатып алуу боюнча тендер төрага менен макулдашпай жарыяланганын билдирди. Тендер токтотулганын белгилеген Иш башкармалык буларды айтат:

"Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттик шайлоо өнөктүгүнө катышып жүргөндүктөн, аны менен макулдашпай туруп эле, тендер 2015-жылдын 2-октябрында Иш башкармалык тарабынан жарыяланган. Ошондон улам Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ал тендерди жокко чыгарды. Тендердин шарттарына ылайык, эгер сатып алуу зарылчылыгы болбой калса, сатып алуучу уюм келишим түзүлгөнгө чейинки мезгил аралыгында мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун каалаган учурда жокко чыгара алат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан