"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров добуштарды кайра санатуу талабын токтото электигин бүгүн, 14-октябрда маалымат жыйында билдирди. Партия лидери шайлоодо көптөгөн участкаларда олуттуу мыйзам бузуулар болгонун, мунун таасири шайлоонун жыйынтыгына сөзсүз тийгенин айтууда.
"Ош облусундагы эң ири райондор Ноокат менен Кара-Суу боюнча азыркыга чейин так маалымат жок. Анан кантип шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын жарыялоого болот? Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын мүчөлөрү айткан участкаларды эмес, башка участкалардагы добуштарды кайра санап чыгышты",- дейт Мадумаров.
Эскерте кетсек, БШК бүгүн Мадумаровдун талабы боюнча участкаларда добуштар кайра саналганын, бирок электрондук эсептөө менен колго саналган добуштарда айырмачылык чыкпаганын билдирген эле.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Мадумаров жетектеген партия 7 пайыздык чекти басып өтө албай, утулуп калганы жарыяланган.