Υстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасы жана Орусия Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында кыргыз мигранттарына байланышкан келишимге жетишишкен. Келишимдин негизинде Орусияга кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн бул чектөөнү жоюу тууралуу (андагы негизги шарт: мигрантка тыюу салынган мөөнөттүн кеминде жарымы аяктаган болуш керек) жана Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилген. Бул чечим алардын Орусияда легалдуу жүрүшүнө жана эмгектенүүсүнө мыйзамдуу шарт түзөт.
2015-жылдын 1-октябрына карата 3 жылга "кара тизмеге" кирип, арадан 1,5 жыл өткөн 41 639 адамга Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилген. Бул мүмкүнчүлүктөн 28 360 кыргыз жараны пайдаланды. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.