Орусиянын Хабаровск шаарында билим берүү тармагында кыргыз өлкөсү менен кызматташуу тууралуу келишим түзүлдү. Документке Кыргыз Республикасынын Ыраакы Чыгыштагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев менен Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясынын ректору Юрий Плесовских кол коюшту. Маалыматка таянсак, эки тараптуу келишимде мамлекетибиздин студенттеринин аталган окуу жайдан билим алуусуна жетиштүү шарттарды түзүү каралган. Мындан ары окуу жай жыл сайын кыргыз абитуриенттери үчүн акысыз окуу орундарын бөлүп турат.
Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясы юридика, укук, экономика, соода, тейлөө, бажы адистерин даярдаган Ыраакы Чыгыштагы ири окуу жайлардын бири. Учурда 8 кыргыз студенти академиянын түрдүү бөлүмдөрүндө 1-курста акысыз билим алып жатат.