Алмазбек Атамбаев: "Жогорку Кеңештин V чакырылышы тарыхый миссиясын аткарды"

Жогорку Кеңештин V чакырылышы бүгүн ишин жыйынтыктап, депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул чакырылыштын акыркы жыйынында президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди. Өлкө башчы буларды айтат: 

“Урматтуу V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары! Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары!

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңеши өз ишин жыйынтыктап жатат. Бул парламент эгемендүү мамлекетибиздин өнүгүү жолунда тарыхый милдет өтөдү. Өз ишин жыйынтыктап жаткан Жогорку Кеңеш мамлекетибиздин тарыхындагы өтө оор мезгилде түзүлгөн. 2010-жылдын Апрель революциясынан жана Июнь окуяларынан кийинки абдан татаал коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, үй-бүлөлүк-кландык жана авторитардык башкаруунун кесепеттерин жоюу, дегеле мамлекетти сактап калуу милдети турган эле.

Кыргыз элинин сабырдуулугуна, кайраттуулугуна терең таазим! Мамлекетибиз акыркы беш жылдын  аралыгында оор сыноолордон өтүп, абдан өзгөрдү. Ызы-чуулар, митингдер, баш аламандыктар өкүм сүргөн өлкөдөн туруктуу, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланды. Өлкөбүздү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыктык. "Датка-Кемин" электр линиясынын курулушун аяктап, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылдык. Ырааттуулук менен мамлекеттүүлүктү бекемдеп жатабыз. Армияда реформа жүрүп, чек аралар бекемделип, жаңы гидроэлектростанциялар курулуп жатат. Жаңы жолдорду салып, эскилерин оңдоп, туризмдин инфраструктурасын түзүп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө кириштик.

Эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасын кедей өлкө катары эсептебей калышты. Эл аралык интеграциялык процесстерге активдүү аралашып, Евразиялык экономикалык бирликке тең укуктуу мүчө болуп кошулдук. Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи болуп, мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу жаңы технологиянын негизинде таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жетишти. Мына ушунун баары биринчи кезекте жалпы кыргыз элинин аркасы менен ишке ашырылды. Парламенттин колдоосу жок мындай жылыштарга жетишүү мүмкүн эмес эле. Келечекке жол ачкан, маанилүү чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш колдоо көрсөтүп турду. 

Албетте, Жогорку Кеңеште көптөгөн талаш-тартыштар болду. Кээде шашылыш, бышыкталбаган, негизделбеген чечимдер кабыл алынды, бирок жалпысынан парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Жогорку Кеңеште өлкөнү өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү миңден ашуун мыйзам кабыл алынды. Мамлекетибиздин тагдырын чече турган эл аралык макулдашуулар ратификацияланды.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш эми тарых энчисине өтөт. Анын ишмердигине адистер, эксперттер өз баасын беришет. Жогорку Кеңештин ишине берилген эң жогорку баа – элдин баасы. Калкыбыз – калыс, калкыбыз – тараза. Өлкөбүздүн эли улуттук кызыкчылыктарды туу туткан, карапайым элдин мыйзамдуу укуктарын коргогон жана мыйзамды урматтаган депутаттарды ар дайым кадырлайт жана сыйлайт. Эл үчүн кылган кызматын эч качан унутпайт.

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр жана мындан аркы ишиңиздерге ийгилик каалайм! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан