БШК "Ата Мекендин" тизмесинен Жоомарт Оторбаев менен Асия Сасыкбаеваны чыгарды
Жоомарт Оторбаев
Асия Сасыкбаева
Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекендин" тизмесинен талапкерлер Жоомарт Оторбаев менен Асия Сасыкбаеваны чыгарды. Мындай чечим БШКнын 15-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жоомарт Оторбаев тизмеде 5-катарда, Асия Сасыкбаева 12-катарда болчу. Берген арыздарына ылайык, парламенттик шайлоодо уткан башка партиялардын тизмесинен да айрым талапкерлер чыгарылууда.