Бүгүн, 15-октябрда Бишкек мэриясынын чечими менен калаанын борбордук бөлүгүндөгү ири делинген төрт унаа жолу бир тараптуу кыймылга өттү. Башкача айтканда,
Киев жана Москва көчөлөрү Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир тараптуу болот. Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрүндөгү багыт да өзгөртүлүп, унаалар Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты карай бир тараптуу жүрүшөт. Бул эреженин коомдук транспортторго тиешеси жок. Алар мурдагы абалда эле эки тараптуу жүрө алышат.
Бул төрт унаа жолунун бир жактуу болушу кыймылды жеңилдетти, бирок бул режим айрым айдоочуларга кыйынчылык жаратып, алар каршылаш унаанын жолуна түшүп алышууда. МАИ кызматкерлери айдоочулар бул тартипке көнө албай жаткандыктан, 3 күнгө чейин аларга айып салынбай турганын SUPER.KG'ге билдиришти.
Бул эреже жол тыгынын азайтуу максатында киргизилди.