Сот Назгүл Түлееванын WhatsApp аркылуу сүйлөшүүлөрүн далил катары кароого макул болгон жок

Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Анын жүрүшүндө Н.Нарымбаевдин адвокаттары судьядан Жогорку Кеңештин имаратындагы видеобайкоочу камераларынан керектүү жазууларды карап чыгууну өтүнүштү. Мындан тышкары жактоочулар Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын WhatsApp аркылуу сүйлөшүүлөрүн жана Х.Коркмазов менен телефон сүйлөшүүлөрүн далил катары кароону суранышты. Судья биринчи өтүнүчтү канааттандырды, ал эми сүйлөшүүлөрдүн жазууларын кароого макулдук берген жок. 

Кийинки соттук отурум 19-октябрга дайындалды.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан