Дүйнөдө 17-октябрь - ишембиде абдан катуу жер титирөө болору күтүлүүдө, кырсык 40 миллион адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Лондон университетинин окумуштуусу
Мехран Кеше ушундай жыйынтыкка келгенин чет элдик маалымат булактары жарыялашты.
Окумуштуунун билдиришинче, кырсыктан АКШнын батыш жээги катуу жабыркап, анда жер силкинүүнүн күчү 20-24 баллга жетет. Табият кырсыгынан Америка материги экиге ажырашы мүмкүн. Бул аймакта кырсыктын курмандыктары 20 миллионго жетиши мүмкүн экени айтылды. Түштүк Америкада зилзаланын күчү 10-16 баллга жетет деп божомолдонууда. Кырсыктан Америка гана эмес, Азия өлкөлөрү да жабыркай турганын айткан окумуштуу: "Келе жаткан дем алыш күндөрү Канада менен Американын жашоочулары "улуу соккуга" кабылышат. Мегаполис бийликтери эч кандай жардам бере алышпайт. Мексика жана Мексика булуңу жоголот. Ири жоготуулар Кытай менен Японияда болот",- деп билдирди.
Окумуштуу бул зилзала адамзат тарыхында кесепети, адамдардын каза табышы боюнча эң масштабдуу жер титирөө болорун айтууда.