Түрмөдөн качкан кылмышкерлердин колунан оор жаракат алган Жаза аткаруу кызматынын кызматкери Тилек Абылгазиев каза тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү көз жумду. Ал 43 жашта болчу. Маркумдун сөөгү туулган жери - Нарын облусунда жерге берилет. "Түрмөдөн качкандардын колунан каза тапкан кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүлөт",- деп жазылат маалыматта.
Подполковник Тилек Абылгазиев 1972-жылы туулган. Жаза аткаруу системинин түзүмдөрүндө 1998-жылдан тарта кызмат өтөп келген. Анын артында аялы жана 3 баласы калды.