Бир жылдан бери үйүнө кайтып келбеген 27 жаштагы Нуржан Сыдыкова изделүүдө

Бир жыл мурун үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон 27 жаштагы Нуржан Сыдыкова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 1988-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну Сыдыкова Нуржан Кудайбергеновна 2014-жылдын ноябрь айында үйүнөн чыгып, кайра келген эмес.

Белгилери: бою болжол менен 165-170 сантиметр, дене түзүлүшү толугураак, бети тоголок, чачы кара, көзү кара. Өзгөчө белгилери: оң колунун чыпалагы менен аты жок манжасы жок. Сокур ичегесин (аппендицит) алуу операциясынан кийинки тырыгы бар.

Эгер Нуржан Сыдыкова жөнүндө маалыматка ээ болсоңуз, Токмок шаардык милициясына (0556) 48-84-86, нөөмөт бөлүмү (03138) 63-1-02, (0312) 60-72-26 телефон номерлери аркылуу же милициянын жакынкы бөлүмдөрүнө кабарлашыңыз керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан