Токмокто үйүнөн
2012-жылы чыгып кеткен боюнча кайтып келбеген Нургүл Жумалиева изделүүдө. Муну
бүгүн, 16-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым
болгондой, 1977-жылы туулган, Токмок шаарынын Калинин көчөсүндө жашаган Жумалиева
Нургүл Кумарбековна 2012-жылдын 6-март күнү үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес.
Белгилери: бою болжол менен 160-165 сантиметр, арык чырай,
бети сүйрү, мурду түз, көзү кара, чачы кара.
Өзгөчө белгилери:
оң бетинде калы бар, ошондой эле оң бутунда сынгандан кийинки тырык калган.
Токмок шаарынын ИИБи изделип жаткан жаранды көргөн-билгендерден (0556) 48-84-86, нөөмөт бөлүмү (03138) 63-1-02, (0312) 60-72-26 телефон номерлери аркылуу же милициянын жакынкы бөлүмдөрүнө кабарлоону өтүнөт.