2015-жылдын башынан бери өлкөдө 4033 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч балдарды коргоо боюнча пландын 73 пайызын түзөт. Мекемеден маалымдашкандай, аталган план жашоонун кыйын кырдаалына туш келген ар бир балага түзүлөт. "Ошондой эле быйыл 2289 баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү калыбына келтирилген. Окууну таштаган 254 бала мектепке кайра тапшырган. Кароосуз калган 527 наристе багып алууга жана 816 бала камкордукка берилген. Дагы 82 бала өз ата-энелерине тапшырылган",- деп билдирет министрлик.